Бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Медина Жумагазиева изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата районунун 13 жаштагы тургуну Медина Жумагазиева 22-декабрда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Кийими: кара түстөгү куртка, жинсы шым, бутунда уги.
Белгилери: бою 159 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара, кой көз, бетинде сепкилдер бар.
Кимде-ким Медина Жумагазиеванын кайда экендигин же издөөгө көмөктөшө турган маалыматтарга ээ болсо төмөнкү номерлерга кабарлап коюсун жакындары жана укук коргоо органдары өтүнөт.
(0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85,
(0312) 61 69 07,
0703 17 17 75