Он үч жыл мурун киши өлтүрүп издөөдө жүргөн адам Москвадан кармалды

Он үч жыл мурун киши өлтүрүп издөөдө жүргөн адам Москвадан кармалды

Киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн адам Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиди.

Билдирүүдө айтылгандай, шектүү 2007-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айылынын тургунун сабап,  денесине оор залал келтирген. Натыйжада жабырлануучу алган жаратынан улам каза болгон.

Бул факт боюнча 2007-жылдын октябрь айында «Адам өлтүрүү» беренеси менен 32 жатагы жаранга издөө жарыялаган.

2020-жылдын 17-ноябрда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен шектүү Москва шаарынан кармалган. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, шектүү он үч жылдан бери  жакын туугандарынын жанында жашап жүргөн.

Азыркы учурда шектүү Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жакынкы күндөрү ал Кыргызстанга экстрадицияланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>