Он эки күндөн бери дайынсыз адамдын жансыз денеси каналдан табылды

Он эки күндөн бери дайынсыз адамдын жансыз денеси каналдан табылды

Чүйдө он эки күн мурун жоголгон адамдын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Чолпон айылынын 49 жаштагы тургуну 7-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан.  Анын бут кийими каналдын боюнан табылгандктан туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Чоң Чүй каналын бойлой издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Издөө иштеринин жүрүшүндө изделип жаткан адамдын жансыз денеси 18-февраль күнү саат 10:40тар чамасында суудан табылган.  ӨКМнын куткаруучулары маркумду суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>