Site icon Reporter.kg

Он күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Курбангүл Мамажанова изделүүдө  

Он күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Мамажанова Курбангүл Ырысбековна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал 9-октябрда Аламүдүн айылынын Гоголь көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-162 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен ылдый, күрөң, кой көз.

Кийген кийими: күрөң түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү чыптама, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Курбангүлдүн кайда экенин билгендер болсо Аламүдүн райондук милициясына же төмөнкү номерлерге 0(999) 21-07-09, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99, 0(312) 36-35-23 же “102ге” кабарлап коюсун облустук милиция өтүнөт.

 

 

Exit mobile version