Кыргызстандын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы кыргызстандыктарга оң рулдуу унааларда такси айдоого тыюу салууну көздөөдө.
Аталган башкармалыктын башчысы Азамат Исраилов билдиргендей, тиешелүү мыйзам долбоору даярдалууда.
«Оң рулдуу унааларды таксиге киргизбеш керек. Мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Ага ылайык, маршруттук таксилер сыяктуу такси унаалары да лицензия алышы керек. Айдоочуларды текшерүү абзел», — деди ал.