Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо 1XBet компаниясынын мамлекеттик иш-чараларга көрсөткөн демөөрчүлүгү боюнча маалымат сурады.
Финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров суроого кат менен жооп берерин айтты.
«Бул жерде айткандан уялып жатсаңар кагаз түрүндө жооп бергиле», — деди ал.
Депутат Эрулан Көкүловдүн билдирүүсүндө, аталган онлайн тотализатор айрым улуттук оюндарга дагы демөөрчүлүк көрсөтүүдө.
«Чолпон-Атадагы ипподромдо алардын жарнамасы илинип турат. Ушу Көк-Бөрүгө тийбей эле койсоңор болмок», — дейт ал.
Марат Пирназаровдун айтымында, 1XBet компаниясынын лицензиясы алынган.
Казинодон уткандар салык төлөйт. Минкаб аны алуу жолун аныктай элек
Биздин Телеграм каналга катталыңыз