Site icon Reporter.kg

Ооганстан: Балх провинциясынын губернатору жардыруудан набыт болду

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын губернатору Мохаммад Дауд Музамил жардыруудан набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта “Ооганстан Ислам Эмиратынын” (IEA, өлкөнүн талибдер арасындагы өз аты*) өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид билдиргенин чет элдик басылмаларда жарыяланды.

«Балхтын губернатору молдо Мохаммад Дауд Музамил дагы бир карапайым тургун менен бирге ислам душмандары тарабынан жардыруудан шейит болгондугу чоң өкүнүч менен кабарланды«, — деп жазды Мужахид Твиттердеги баракчасына.

Полициянын маалыматы боюнча, кеңсенин имаратындагы жардыруудан губернатордон тышкары дагы эки кызматкер каза болгон.

«Бүгүн эртең мененки саат 9дар чамасында акимчиликтин экинчи кабатында жарылуу болду. Жардыруудан Мавлави Мохаммад Дауд Музамил менен эки жай тургун набыт болду», — деди Балх полициясынын өкүлү Мохаммед Асиф Вазири.

Милиция тергөө иштерин баштады жана алар жеткиликтүү болгондон кийин толук маалымат берет.

Ariana Newsтун айтымында, Музамил сыяктуу жогорку даражалуу аткаминердин өлтүрүлүшү 2021-жылы талиптер өлкөнү басып алгандан берки эң резонанстуу окуялардын бири болуп калды. Азырынча эч бир топ чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version