Site icon Reporter.kg

Ооганстанда өспүрүм кыз ата-энесин өлтүргөн жоочуларды өлтүрдү

Ооганстандын алыскы провинциясында өспүрүм кыз ата-энесин атып салган «Талибан» кыймылынын эки жоочусун өлтүрдү.

Маалыматка караганда, түнкү саат бирлерде алардын үйүнө бир нече талибан келип, эшикти ачууну талап кылышкан. Ата-энеси баш тарткандан кийин алар эшикти сындырып үйгө кирип келишкен.

«Алар апамды сыртка алып чыгып атып салышты. Андан кийин атамды да өлтүрүштү. Ошол маалда мен үйдөгү АК-47 автоматын алып, үйгө кирип келаткан талибдерди аткыладым. Экөө өлүп, бирөө жарадар болду», — деди 15 жаштагы Камар Гюль.

Анын айтымында, ошол маалда айылга элдик кошуундун мүчөлөрү келип калып, калган жоочулар алардан качып кетишти.

«Мен «Талибандын» жоочуларын өлтүргөнүмө сыймыктанам. Ата-энемди өлтүргөн кишилерди өлтүрдүм. Талибдер менен кашык каным калганча күрөшөм», — деди кыз.

Ал жергиликтүү бийлик 12 жаштагы иниси экөөнү коопсуз жерге алып барганын кошумчалады.

Exit mobile version