Site icon Reporter.kg

Ооганстанда «Аль-Каиданын» башчысы жок кылынды

Оңдо Усама бен Ладен, солдо Айман Завахири

Ооганстанда «Аль-Каида» террордук уюмунун башчысы Айман Завахири жок кылынды. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден телевидение аркылуу кайрылуусунда билдирди.

Ал Айман Завахиринин колунан америкалык жарандар, аскер кызматкерлери, дипломаттар каза болгонун айтып, анын  жок кылынышы менен акыйкаттык орногонун белгилеген.

Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, Айман Завахири өткөн жекшемби күнү Кабулдагы жашынып жүргөн үйдүн балконунда турганда өлтүрүлгөн. Аны жок кылуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган. Бул операциянын жүрүшүндө үйдө жүргөн Завахиринин туугандары, айланадагы жай тургундар жабыкаган эмес.

Эскерте кетсек, Завахири 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда жасалган террордук чабуулдун уюштуруучусу деп табылган. Ошондон бери издөөдө жүргөн. Ал «Аль-Каиданын» башына, 2011-жылы террордук уюмдун мурдагы башчысы Усама бен Ладен жок кылынгандан кийин келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version