Site icon Reporter.kg

Ооганстанга Кыргызстан бензин сатып жатабы? Расмий жооп

Ооганстанга Кыргызстан күйүүчү май сатып жатат деген маалымат жалган. Бул туурасында Чек ара кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка караганда,  16-декабрдан тартып Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду.

Билдирүүдө, “кыргыз өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Кыргызстан башка мамлекеттерге мунай жана мунай продуктуларын экспорттоо тууралуу маалымат жалган” – деп айтылат.

Буга чейин Кыргызстан Ооганстанга бензин сатып жатат деген маалыматтар айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына жарык көргөн болчу.

Exit mobile version