Site icon Reporter.kg

Оор жүк ташуу унаалар жайында түнү гана жолго чыга алат

1-июндан 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Салмагы 18 тоннадан ашкан транспорт жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүрө албайт.

Чектөөнүн жүргүнчү, гуманитардык жардамды, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган жана жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) тиешесүү жок.

Exit mobile version