Site icon Reporter.kg

Оор жүк ташуучу унааларга Бишкекке кирүүгө тыюу салынды

Бишкекте 5-апрелден 1-октябрга чейин оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичинде жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Салмагы 18 тоннадан ашык жүктү ташуучу транспорт саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта муниципалдык жолдо жүрө албайт.

Чектөөнүн төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешеси жок:

— гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
— Мэрия тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
— Муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.

Белгиленген талаптарды бузган учурда укук бузуучулар КРнын «Укук бузуулар» жөнүндө кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version