Оорукана алдында иниси каза болгон адамдын агасы да көз жумду

Оорукана алдында иниси каза болгон адамдын агасы да көз жумду

Бишкекте оорукананын алдында иниси жан берген адам эми ооруган агасынан айрылды. 1-июлда кечке жуук Данияр Эрназаров аттуу тургун кайтыш болгонун анын иниси Баймурат Эрназаров билдиргенин «Азаттык» жазды.

«Бир апта ичинде эки бир тууганымдан айрылдым. Агам инимден эрте ооруп баштаган экен. Ал Орусиядан ооруп келген. Абалы кескин оорлошуп кетти. Тести таза чыккан», — деп айткан.

Бишкек шаарынын тургуну Баймурат Эрназаров өпкөсү сезгенип, ооруп калган иниси Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда каза болгонун билдирген. Инисинин дене табы 22-июнда көтөрүлгөн. Адеп коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен абалы жеңилдеген эмес. Мындан улам туугандары аны Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына алып барышканы менен бирөө да кабыл албай койгон.

Ооруканада орун жок, орун болсо дарыгер жетишсиз болгондуктан медициналык жайга жетпей каза болгондор көбөйгөнүн социалдык тармактарда жарыяланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>