Site icon Reporter.kg

Видео — Ооруканага келип жаңжал чыгарган аял дарыгердин үстүнөн арыз жазды

Бишкектеги №3 балдар ооруканасына баласы менен келген жаш эне дарыгерге жини келип жаңжал чыгарды. Бул тууралуу аталган оорукананын атын атагысы келбеген кызматкери билдирип, окуянын видеосун жиберди. 

Анын айтымына караганда окуя бүгүн, 13-январда саат 10:00 чамасында болгон.

“Баласынын тамагы кызарып жаткан эне келген. Дарыгер ага дары жазып берсе туура эмес дары жазып берип атасың, сабатсыз деп тилдеп каргап, дарыгерге кол көтөрдү”, — деди ал.

Бул окуядан кийин №3 балдар ооруканасынын дарыгери жумуштан кетүү тууралуу арыз жазууга мажбур болуп жатканын анын кесиптеши кошумчалады.

“Жаңжал чыгарган аял кесиптешимдин үстүнөн арыз жазыптыр. Карагылачы, дарыгерлердин укугу корголбойт, алардын үнүн эч ким укпайт. Ооруканага келгендер ар кандай кордук көрсөтө берет. Ушундайлардын  айынан жакында эле 4 кызматкер жумуштан кетти”, — деди окуянын күбөсү.

 

Exit mobile version