Site icon Reporter.kg

Ооруканаларда коронавирус менен ооругандарды жаткырууга орун жок калды

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүүдө. Бүгүн, 16-октябрь күнү коронавирустук инфекциянын жаңы 431 учуру аныкталды.

Фейсбук колдонуучусу Лера Садыгалиеванын айтымында, ооруканаларда COVID-19 менен ооругандар үчүн орун жок.

«Тозок башталды! Улуттук госпитал, урология, адистештирилген ооруканада концентратор жок, бейтаптардын 65% өпкөсү кагынып ооруп жатат. Реанимацияда кычкылтек бар, бирок орун жок», — деп жазат Садыгалиева.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин коронавирус 51 миң 20 адамга жукту, анын 1 миң 103ү көз жумду.

Exit mobile version