Оорукананын алды «Тез жардам» унаасына толгон тасма тарады – видео

Оорукананын алды «Тез жардам» унаасына толгон тасма тарады – видео

Бишкектеги ооруканалардын биринин алдына «Тез жардам» унаасы толуп калгандыгы тууралуу видео тарады. Тасма качан тартылганы белгисиз.

Видеонун автору: “Тез жардам» унаасы шыкалып калды. Италиядагыдай болуп жатабыз. Бул жак өтө жаман, элдер өлүп жатат”, –деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Саламаттык сактоо министрлиги видеодогу айтылгандар боюнча толук маалымат берген жок, тасма кайсыл жакта тартылганы боюнча тактоо жүрүп жатканын айтты.

29-июнда Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 адам каза болуп, бул оорудан улам өмүр менен кош айтышкандардын саны 50 адамга жетти. 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө жалпы 5 миң 17 адам коронавирус жуктуруп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>