Опера жана балет театрындагы чыр боюнча министрлик атайын комиссия түздү

Опера жана балет театрындагы чыр боюнча министрлик атайын комиссия түздү

Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон жагдай боюнча атайын комиссия түздү. Комиссиянын ишине бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди.

Комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде бул окуя боюнча эки тараптуу дыкат кароонун жыйынтыгы менен, театрдын жетекчилигине мындан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушун жөнөтөт.

Белгилей кетсек, 6-март күнү Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында «Ак куу көлү» спектакли башталарда чыр чыккан. Анда жергиликтүү артистер Орусиядан чакырылган артисттер менен иштешпей турганын билдиришкен.

Чырга жергиликтүү артисттерге акча төлөнбөгөнү себеп экендиги айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>