Site icon Reporter.kg

Оппозициядагы саясатчы Равшан Жээнбековду милиция кармап кетти

Оппозициядагы саясатчы Равшан Жээнбековду милиция кармап кетти. Бул туурасында өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Мени Ленин РИИБинин кызматкерлери кармап кетишти», — деп жазган ал.

Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча фигурант катары декабрь айында убактылуу кармоо жайына киргизилген. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин үй камагына бошотулган. 5-августта кайра убактылуу кармоо жайына киргизилген. 2021-жылдын декабрь айында бул окуя боюнча бөгөт чарасынын мөөнөтү соңуна чыкканынан байланыштуу бошотулган.

Exit mobile version