Site icon Reporter.kg

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров ИИМде болгонбу? Жооп

Мирбек Мияров

«Ордо» саясий партиясынын дайынсыз жоголгон лидери Мирбек Мияров Ички иштер министрлигине чакырылган жок. Бул маалыматты Reporter.kg’ге аталган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Мияров УКМКга чакырылбаганын билдирген.

Буга чейин социалдык тармактарда «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров Бишкекте дайынсыз жоголгонун жазып чыгышкан.

Мияров 28-ноябрь, саат 14:00дөн бери байланышка чыга элек.

Болжолд түрдө тааныштары аны акыркы жолу Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен көрүшкөн.

“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болууда

Exit mobile version