Site icon Reporter.kg

Оренбургда чатырда жашап жаткан кыргызстандыктар 9 автобус менен алынып келе жатат

Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448  жаран Кыргызстанга келүү үчүн Орусия-Казакстан чек арасынан өтүштү. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

«Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен Оренбургдагы ардактуу консулдук орус бийлигинин жардамы менен жарандарды «Сагарчын» көзөмөл өткөрмө жайына чейин жеткирүүнү макулдашкан.

Учурда Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жарандарды 9 автобуска отургузуду. Мекендештер Казакстандын жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасына жеткирилет. Казакстан Кыргыз жарандары үчүн жашыл коридор уюштуруп берди», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Бул иштер Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашты.

Exit mobile version