«Кронос» басылмасы Анкаранын адвокаттар уюмунун адам укуктары борборунун, Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы жетекчиси Орхан Инандынын кыйноого кабылгандыгы тууралуу айтып берген маеги камтылган отчетун жарыялады. Бул отчет 3 жыл мурда даярдалып, бирок Анкаранын адвокаттар уюмунун башчылыгынын бут тосууларынан улам жарыкка чыкпай калган.
Адам укуктары борборунун өкүлдөрү Орхан Инанды менен 2021-жылы августта Синжан түрмөсүндө жолугуп, баарлашкан.
«2021-жылы 30-майда саат 23:00 чамасында Бишкекте автоунаама отуруп жатканда, бир кыргыз жигит күч колдонуп «Седанга» окшош унаага отургузду. Анын ичинде дагы 2 адам бар экенин көрдүм. 3 киши мени Кара-Балта тарапка алып жөнөдү. 15 мүнөттөн кийин унаа алмаштырып, башкасына отурдук», — дейт Орхан Инанды.
«Алгач, үкөл сайышты»
Унаага отургузардан мурда мага үкөл сайышып, көздөрүмдү таңып коюшту. Колум унаага отургузуп жатканда сынды. Жаныма экөө отурушканын, бирөөнүн кыргыз экенин ишенимдүү айта алам. Божомолум боюнча (унаа — ред.) Өзбекстан тарапка жол тартты. Бир жерде узун туннелден өткөнүбүз эсимде.
Жолдо баратып суу сураганымда бир даамы таттуу жана бир ачуу суу беришти, ошондой эле уйку келтире турган дарыларды да берип жатышты. Мындан улам көп нерсе эсимде калбады. Бирок унаабыз менен 31-майдын түш ченине чейин жол жүргөндөй болдук. Андан кийин «Мерседестин» эски үлгүсүндөгү унаага отурдук (көзү таңылуу турганы менен бир нерсе көргөндөй жылчыкча болгон). 1 сааттан ашык жол жүрүп, Өзбекстан же Тажикстандын чек арасы тарапка бет алдык. Чек арадан токтобой өтүп кеткенибиз эсимде.
Бир убакта учактын үнүн уктум, болжол менен аба майданга келдик. Унаадан түшүрүп, көздөрүмдү чечишти. Чакан учакты көрдүм. Анын эшигинин жанына келгенимде «Түркияга кош келдиң» дешти. Учакка отуруп жатканда катуу ур-тепкиге алышты. Анын ичинде 2 түрк жана учкучтар бар экен. Аты Азиз деп эсимде калган аэропорт кызматкери жана мени алып келгендерден бирөө болуп чогуу учтук.
«Сапар аяктаганга чейин ур-токмокко алышты»
Анкарага жеткенче тизелеп келдим. Жолду катар улам-улам катуу ур-токмокко алып жатышты. Кээде учактын дааратканасына киргизип коюп жатышты. Беткапчан эки киши сөгүп, видеого тартышты.
Түркияга кайсыл аба майданы аркылуу конгонубузду билбейм. Учактан түшкөндөн кийин бир унаанын арткы отургучуна жаткырып, алып кетишти. Андан соң башка чоң унаага отургузду. Ал унаадан мени чечиндирип, ич кийимчен калтырышты. Унаанын ичинде бир адам бар болгону, ага «үшүп жатам», — десем, «коркпо», — деп гана жооп бергени эсимде. Унаа 15 мүнөт жүргөндөн кийин жертөлөгө кирди.
«Бизди байке же мырзам деп айтасың»
Унаадан түшөрүбүз менен бир бөлмөгө кирдик. Көздөрүмү ачышты. Бөлмө узун-туурасы 2,5-3 метр, ар тарабы губка менен капталган, микрофон жана камерасы бар жер экен. Ал жактан толук чечиндирип, кийим беришти. Андан кийин кап берип, «биз эшикти такылдатканда, бул капты башыңа кийип, отуруп каласың. Бизди байке же мырзам дейсиң», — дешти. Анан сабашты.
«Бөлмөлөрдө Мехтер маршы (Осмон империясынын каармандык маршы) жаңырып турат»
Ал жер блок түрүндөгү бөлмөлөр болгон деген болжолум бар. Улам келип-кеткендер болуп жатты. Жаңы келгендердин үнү угулбасын деп музыканы жаңыртышат. Көбүнчө Мехтер маршын коюшат. Күндө эки маал тамак беришет. Ал — сыр, зайтун жана нан.
Андан баш тартууга болбойт, зордоп жедиришет. Жумасына 1-2 жолу дарыгер келип, колумду таңып турду. Аны менен сүйлөшүүгө тыюу салынган, көзүмдү да таңып коюшат.
Бир жолу дааратканага алып барганда, түркиялык эмес кишилерди, арасында сириялык жана ооганстандык адамдарды көрдүм. Алар да мен сыяктуу жалгыз бөлмөлөрдө камалып отургандар экен.
3-5 күндөн кийин унаага отургузуп, кулакчын беришти. Анда мотоциклдин үнү чыгып жатыптыр. Жерге жаткырып коюшту. Чоң унаа менен жарым сааттай жүрүп, бир жерге келдик. Көрсө, мени рентгенге алып келишиптир.
Сурак үчүн өзүнчө бөлмө бар экен. Көзүмдү таңып, ал бөлмөгө алып барышат. Адатта суракты эки киши жүргүзүп жатты.
Менден Түркиядагы тааныштарымдын атын атоону талап кылышты. Сурак маалында ур-токмокко алындым. Кызым аркылуу коркутканга аракет кылышты. Бир жолу буттарыма электрошок беришиптир. Кийин өзүмө келгенде бутумдагы тактан улам билдим.
Мага чогуу иштешүүнү да сунуштап көрүштү.
«Кронос» билдиргендей, Орхан Инанды сотто «күбөлөр менин мыйзамсыз иш-аракеттерим жөнүндө айта алышкан жок. Кыргызстанда баары мени тааныйт. Мен ошол өлкөнүн атуулумун. ByLock тиркемесин эч качан колдонгон эмесмин. Эгер мен чын эле күнөөлүү болсом, силер эмне үчүн Интерпол аркылуу издөөгө албадыңар?», — дейт айткан.
Орхан Инандыга кыргыз паспортун берүүгө айыпталган аткаминерлер акталды