Site icon Reporter.kg

Орозайым Нарматовага карата бөгөт коюу чарасы каралган жок

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Орозайым Нарматовага карата бөгөт коюлбаганын билдирди.

Алардын айтымдарында, мыйзамга ылайык Нарматовага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу тууралуу өтүнмө келип түшкөн эмес. Андыктан, ага карата эч кандай бөгөт коюу чарасы каралган жок.

Буга чейин Нарматованын бөгөт коюу чарасы боюнча социалдык тармактарда ар кандай кептер тарап кеткен. Бүгүн Орозайым Нарматова Оштон “бийликти негизсиз сынга алганы үчүн”  кармаганын милиция билдирген.

Exit mobile version