Site icon Reporter.kg

Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болушу мүмкүн. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Айгүл Айдарова шайлоодо алган добуштарынын саны боюнча депутаттык мандат алышы мүмкүн. Ал Орозайым Нарматованын ордуна депутат болуп келет.

Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында туулган.

2012-жылы Ички иштер министрлигинин академиясын юрист адистиги боюнча билим алган.

2021-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

— 2012-2013-жылдары Токмок ШИИБдин тергөөчүсү болуп иштеген.

— 2013-2015-жылдары — «Аалем Кызматлери» ЖЧКсында котормочу.

— 2019-жылдан бери — Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү.

Депутаттык мандатынан ажыраган Орозайым Нарматова БШКнын чечимине каршы сотко кайрылбайт.

«Алар менин дипломумду толугу менен мыйзамсыз жокко чыгарып, мандатымды тартып алышты. Бирок алар мени ооздуктай алышпайт. Ооба, мен депутат болбойм, бирок өз пикиримди айтып турам жана мындан ары дагы активдүү жарандык позициямды билдирем, мыйзамсыздыкты, өзүм билемдикти ачык айтам…», — деп жазган Нарматова Instagram баракчасына.

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты

Exit mobile version