Орозалиев: Үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмө кагаз алууга болот

Орозалиев: Үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмө кагаз алууга болот

Үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмө кагаз алууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта онлайн-брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги 4 райондук башкармалыкта ишке ашырылат.

«Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунда. Санариптештирүүнүн алкагында өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум ишке киргизилип жатат, эми үйдөн чыкпай туруп эле өткөрмөлөрдү алууга болот. Ошондой эле, 1312 ыкчам байланыш телефон номуру иштеп жатат», — деп билдирди Орозалиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>