Орозалиев: Бишкекте эки күндө вирусту жуктургандар менен байланышта болгондорду инкубация кылуу аяктайт

Орозалиев: Бишкекте эки күндө вирусту жуктургандар менен байланышта болгондорду инкубация кылуу аяктайт

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев онлайн брифингде шаар тургундарын бир апта сыртка чыкпоого чакырды.

Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоого суранабыз”, — деп чакырды Алмаз Орозалиев.

Белгилей кетсек, оорунун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт — 14-21 күн, Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>