Site icon Reporter.kg

Орозо: Бишкекте миң адамга ооз ачар баштыкчалары таратылат — дареги

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Тойбосс» компаниясы менен биргеликте «Биз менен ооз ачыңыз!» аттуу акциясын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Акция Бишкек шаарындагы «Ынтымак» паркындагы амфитеатрда 24-мартта, жума күнү өткөрүлөт. Иш-чара кечки саат 18:00 башталат.

«Сиздер үчүн 1000 ооз ачар баштыкча таратылат. Өткөрүп жибербеңиз. Рамазандын алгачкы жума күнү өткөрүлүп жаткан акциябызга аалымдар, карылар, манасчылар жана ырчылар ардактуу конок болушат», — деп билдирет муфтият.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйыл орозо 23-мартта башталарын билдирген. Ошол эле учурда, орозо башталат турган күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экендиги эскертилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version