Site icon Reporter.kg

Орозо — бул жөн гана ачка болуу эмес. Тил, көз, кулактын да орозосу бар

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл Орозо айы 11-мартта башталарын расмий билдирди. 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окула баштайт.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун кеңешчиси, теолог Кадыр Маликов орозо кармоонун максаты — бул ачка жүрүү эмес экенин, орозодо мусулмандарга өзүлөрүнүн жүрүм — турумун кайра баштан карап чыгууга, өзүн-өзү тарбиялоого, диндин негизги максатын аңдап түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берилерин айтат.

Ал белгилегендей, орозо кармоо бул – жалаң эле ачка жүрүү эмес. Бул көздүн, кулактын, жүрөктүн кир, ыплас нерселерден тазаланып алынуусуна мүмкүнчүлүк берүү. Тактап айтканда, ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп, жаңжалдашуудан оолак болуу дегенди туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз  айтуудан да алыс болушу шарт. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version