Site icon Reporter.kg

Өрт коопсуздугун сактабаган базар ээлерине 1 млн сомго чейин айып салуу сунушталууда

Өрт коопсуздугун сактабаган юридикалык жактарга айыппулдун өлчөмүн көбөйтүү сунушталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ал үчүн министрлик мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Азыркы мыйзамга ылайык, өрт коопсуздук эрежелерин бузган жарандарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айыппул каралган.

«Бирок айыппулдун өлчөмү аз болгондугуна байланыштуу өрт коопсуздук эрежелерин бузгандар азайбай келет. Натыйжада күнүнө 20 миңден 100 миңге чейин киши каттаган базар, соода борборлорунда өрт кырсыгынын саны өсүүдө.
Маселен, жыл сайын өлкө аймагында 4000-6000ге чейин өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 50дөн ашуун адам каза болуп, 1 млрд сомдон ашык экономикалык зыян алып келет. Ошондой эле талдоонун негизинде өрт кырсыктарынын басымдуу пайызы тамактануучу жайларда, ири соода борборлорунда, базарларда май куюучу станцияларда ж.б коомдук жайларда катталган», — деп билдирет министрлик.

ӨКМ сунуштаган мыйзам долбоору колдоо тапса, 3000ден ашуун соода түйүндөрү бар «Дордой», «Кара-Суу» базарлары өрт коопсуздук эрежелерин сактабаса 1 млн сом айыппул төлөйт. Айыппулду ижарага алган соодагер эмес, соода орунун ижарага берген базардын ээси төлөйт.

Ал эми 500-2300гө чейинки соода түйүндөрү бар жана күнүнө 500дөн ашык адам каттаган базар, соода борборлору 200 миңден 500 миң сомго чейин айыппул төлөөгө милдеттенет.

Жарандар үчүн айыппулдун өлчөмү 7,5 миң сом бойдон калат.

Бул мыйзам өрт коопсуздук эрежелерине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөө максатында иштелип чыккан.

Exit mobile version