Орто-Сай айылында белгисиз адамдар 11 жаштагы баланы уурдап кетүүгө аракет кылышты

Орто-Сай айылында белгисиз адамдар 11 жаштагы баланы уурдап кетүүгө аракет кылышты

Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында 11-мартта белгисиз адамдар 11 жаштагы баланы уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Reporter.kgге окуучунун эжеси билдирди.

Баланын эжесинин айтуусунда, окуя кечээ саат 13:30–13:40 чамасында окуучу мектептен үйүнө келе жаткан учурда болгон.

«Honda Accord» үлгүсүндөгү боз унаа келген. Анын ичинде 4 эркек бар болчу. Алар болжол менен 25 жаштарда. Унаанын ичинен бирөөсү чыгып, менин жээнимди уурдап кетүүгө аракет кылды. Машинада отургандардын бири «Карма, карма» деп кыйкырды. Жээним алардан качып, үйгө кирип кетүүгө жетишти, окуя так анын үйүнүн алдында болду», — деп маалымдады ал.

Учурда баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылышты. Бул иш боюнча изилдөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>