Site icon Reporter.kg

Орто-Токой суу сактагычына чакан ГЭС курулат

Orto Tokoy Reservoir in Kyrgyzstan taken in August 2018

Орто-Токой суу сактагычына чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жерине барып, курулушту баштоого көрүлгөн даярдык иштери менен таанышкан. Ибраев бир жуманын ичинде курулуш иштерин баштоону тапшырган.

Белгилүү болгондой, Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулугу 21 МВт болгон ГЭС куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2023-жылы мартта «Чакан ГЭС» ААКсы Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation мамлекеттик компаниясы менен макулдашууга кол койгон.

Exit mobile version