Site icon Reporter.kg

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган адам кармалды — сүрөт

27-апрелден 28-апрелге караган түнү милиция кызматкерлери Орто-Токой суу сактагычында браконьерди кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кармалган адам Тоң районунун Орто-Токой айылынын 46 жаштагы тургуну. Андан 80 даана ак балык-лудога, бир километрге созулган синтетикалык тор жана моторлуу кайык табылып, алынды», — деп айтылат маалыматта.

Браконьерлик фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталды.

Exit mobile version