Site icon Reporter.kg

Орунбеков «блогер» жана «саясатчы» атанган жаштарды сынга алды

Президенттин администрациясынын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «блогер» жана «саясатчы» атанган жаштарды сынга алды.

Анын айтымында, акыркы кезде өзүн «блогер» жана «саясатчы» атап алган жаштар чектен ашууда.

«Акыркы учурда өзүн «блогер» жана «саясатчы» атап алган жаштарыбыздын чектен ашып баратканы өкүндүрөт. Эл башкарууну кой, 3 адамды башкарып көрбөгөн, чакан жамаатта жетекчилик тажрыйбасы жок туруп мамлекетти кантип башкаруу керектиги тууралуу акыл үйрөтүп жатат. Өлкө башчысын дебатка чакырып, популисттик чакырыктар менен элдин көңүлүн өзүнө бургусу келүүдө. Дагы бирөөсү түз эфирге чыгып алып, өтө орой түрдө жалган жалааларды, оор айыптоолорду президенттин, жогорку бийликтин дарегине айтууда», — дейт ал.

Ал бул көрүнүштү сөз эркиндигинин жетишкендиги эмес, ээн баштык, тарбиянын жоктугу, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласа болорун айтат.

«Мында эң эле өкүнүчтүүсү аларды айрым жаштар үлгү катары көрүп жатканы. Мамлекет башчысы ансыз деле маанилүү маселелерге эл менен жеринде жолугушууларда, соцтармакта токтолуп, түшүндүрүп берүүдө. Эми бардык иштерди жыйыштырып, ар бир өзүн акылдуу сезгени менен дебатка чыгуусу керекпи?», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version