Site icon Reporter.kg

Орунбеков: Кыргызстанда элдин коррупцияга каршы күрөшкө ишеними өсүүдө

2025-жылдын орто ченинде жарыяланган Дүйнөлүк банктын жаңы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча элдин ишеними кыйла жогорулады. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2022-жылы элдин бийликке болгон ишеними 70%дан төмөн болсо, азыр айыл жергелеринде бул көрсөткүч 93%, шаарларда 89%га жетти. Орунбеков мындай өсүштү президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшкө берген саясий колдоосу жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен байланыштырат.

Орунбеков белгилегендей, буга чейинки системада аткаминерлер бири-бирин коргоп келген болсо, азыр ар бир жетекчи өзүнүн ишине жеке жооп бере баштады. Ал УКМКнын реформаларын «жаңыча башкаруунун башталышы» катары баалап, бул кадамдар аймактагы башка өлкөлөр үчүн да үлгү боло аларын кошумчалады.

Ошондой эле, ал коррупцияга каршы күрөш «жөн гана кылмыштуулук менен күрөш эмес, бул — башкаруу системасын жаңыча куруу» экенин белгилеп өттү.

Exit mobile version