Site icon Reporter.kg

Орунбеков: Мамлекеттик цирк бир жумада 5,3 млн сом пайда тапты

default

Бишкектеги мамлекеттик цирк бир жумада эле 5 млн 370 миң сом пайда тапты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал мурда цирктин абалы өтө начар, көрүүчүлөр үчүн ыңгайсыз, кышында суук, жайында ысык болгонун, ага байланыштуу президенттин тапшырмасы менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүн айтты.

Орунбеков билдиргендей, бир жумада 5 млн 370 миң сом таза пайда тапкан.

«Шарт түзүлгөндөн кийин келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, бир аптада эле миллиондорду таба баштады. 1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты. Анын ичинен, BMW компаниясы ижарага алып 1 млн 360 миң төлөсө, 4 млн 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн», — дейт ал.

Ал айдын аягына чейин цирк 13 млн 312 миң сом пайда табат деп пландалып жатканын кеп кылды.

«Мурда киреше эмес, банкроттук абалда эле. Азыр билет сатуулар дагы санариптештирилип, көзөмөлгө алынган», — деди ал.

Exit mobile version