Ысык-Көлдө орусиялык география коомунун илимий-изилдөө экспедициясынын экинчи талаа сезону башталды. Бул тууралуу Орус географиялык коому билдирди.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Борбордук Азияны изилдеген Пётр Семёнов-Тян-Шанскийдин туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган.
Бир айдын ичинде аталган топ көл жээгиндеги аймактардагы экологиялык абалды, региондун сейсмикалык активдүүлүгүн изилдеп, ошондой эле суу алдында жайгашкан орто кылымдарга таандык шаар калдыктарына изилдөө жүргүзүшөт.
Орусия Илимдер академиясынын Археология институтунун илимий кызматкери Максим Меньшиков экспедициянын ишинде жаңы технологиялар колдонулуп жатканын билдирди. Алгач ирет фотограмметрия ыкмасын колдонуу менен ортофотопланды негиз кылган көлдүн түбүнүн геомаалыматтык модели түзүлөт.
Ошондой эле анын маалыматында, Ысык-Көлдүн түбүнөн 50дөн ашык археологиялык объект табылган.
Экспедиция эки негизги аймакта: суу астында жайгашкан байыркы шаардын калдыктарында жана кургактагы петроглифтер жайгашкан аймакта иш жүргүзүүдө.