Орус-казак чек арасында үч миңден ашуун кыргызстандык өтө албай турат

Орус-казак чек арасында үч миңден ашуун кыргызстандык өтө албай турат

Орусия менен Казакстандын чек арасында Кыргызстандын 3200дөн ашуун жараны өтө албай турат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жакын арада алар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалып жатканын, консул чек арада топтолгондор менен жолугушуп жүргөнүн 21-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын Оренбург облусунун жана Башкыртстан Республикасынын бийлиги менен жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Орус тарап кыргызстандыктарды жатаканаларга, балдар лагерлеринин айланасына чатыр тигип жайгаштырган. Акысыз тамак-аш берилип, элди автобустар менен чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланды.

Элчилик Казакстандын чек аралары жабык экенин, чет элдиктердин бул өлкөнүн аймагына киришине чектөөлөр күчүндө турганын эске салды. Мекеме Орусиядагы кыргызстандыктарга орус-казак чек арасы тарапка сапарга чыкпоону, зарыл болгон учурда аба каттамдары менен барууну сунуш кылды.

Казакстандын аймагы аркылуу кыргызстандыктардын автобустар менен өтүп кетишине уруксат берүү тууралуу кат казак тарапка жиберилген. Азыр жооп келе элек.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Орусиядан жалпы 40 968 жаран мекенине кайткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>