Site icon Reporter.kg

Орус киносуна тартылып жаткан Нурбол табылды

Орусиялык актриса Ксения Раппопорт өзүнүн социалдык баракчасына Нурбол Кайратбек уулу экөөнүн түшкөн сүрөтүн жүктөп, “ Нурбол табылды. Кимдер сары санаа болуп, толкунданып жатты эле достор? Бардыгыңарга рахмат!” – деп жазган.

Ал эми Нурбол Кайратбек уулу “Азаттыкка” берген интервьюсунда орусиялык режиссер Григорий Добрыгиндин издөөсүн уккандан кийин аларга барып жолукканын айткан.

28-октябрда кыргызстандык курьер тартылган «Жакын аралыкта» («На близком расстоянии») деген орусиялык режиссер Григорий Добрыгиндин фильми экранга чыгат. Тасманын премьерасы быйыл «Кинотавр» фестивалына катышкан.

Буга чейин Нурбол Кайратбек уулун киного тартылып жатып жоголуп кеткенин айтып, аны издеп жатканы кабарланган.

Добрынский курьерлик ишти ичинен билип, өз фильмине каарман табыш үчүн атайын компанияга жумушчу болуп орношкон.  Ички мессенжерлердеги тайпадагы миңдеген адамдардын сүрөттөрүн карап отуруп Нурбол Кайратбек уулун тандап алган.  Кинонун өзөгүн мигрант курьерди багып, ага каралашкан аял жөнүндө болот.

Exit mobile version