Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун каржылоо токтотулду

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун каржылоо токтотулду

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун каржылоо чектелген. Бул тууралуу төрага Тимур Максимовдун катында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-октябрынан баштап жаңы долбоорлорду түз каржылоо токтотулган.

«Бул чектөөнү алып салуу үчүн Фонд Фонддун Башкармалыгына расмий каттарды жөнөттү. Акыркы расмий кат 2021-жылы 10-мартта Россия Федерациясынын президенти В.В. Путинге жөнөтүлгөн, жооп күтүлүүдө», — деп айтылат катта.

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду 2014-жылдын 24-ноябрындагы Кыргызстан менен Орусия Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду жөнүндө» макулдашууга ылайык түзүлүп, иштеп жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>