Site icon Reporter.kg

Орус ырчысынын концертинде бир адам каза болду

Орус рок ырчысы Земфиранын концертинде бир адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык,  Санкт-Петербург шаарындагы «Севкабель Порт»  аянтында рок ырчысы Земфиранын концерти өткөн. Ага келген күйөрмандарынын бири жүрөгү кармап, каза болгон. 

Ал адамды залдан эс учун жоготкон абалда көтөрүп чыгышкан. Нөөмөттө турган медициналык кызматкерлер аны эсине келтирүүгө аракет кылышып, бирок ал адам “Тез жардам” унаасында каза тапкан.

Exit mobile version