Орусия чек араларын акырындык менен ачууда

Орусия чек араларын акырындык менен ачууда

Орусиянын жарандары жакындарына кам көрүү, дарылануу, иштөө жана окуу үчүн чет мамлекеттерге чыга алышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Михаил Мишустин Коронавирус менен күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Мишустиндин маалыматы боюнча, чет элдик жарандар Орусияга медициналык максатта дагы кире алышат. Тийиштүү жарлыктарга кол коюлду.

 «Чет элдик жарандар Орусияга медициналык уюмдарга дарыланууга, жакындарына жардам берүү үчүн кире алат», — деп маалымдаган Орусиянын өкмөт башчысы.

Учурда Орусияда коронавирус  476 миң 658 адамдан аныкталды, анын  230 миңден ашыгы илдеттен айыгып,  5 миң 971и киши каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>