Орусия COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы тест иштеп чыкты

Орусия COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы тест иштеп чыкты

Орусиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин Эпидемиология боюнча илим-изилдөө институту COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы тест иштеп чыкты. Ал клиникалык сыноодон кийин Орусияда колдонуу үчүн каттоодон өттү.

«Роспотребнадзордун» басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы тест коронавирусту гана аныктабастан, аны пневмония оорусун козгогон бул сыяктуу башка вирустардан ажырата алат.

«Жаңы тест «АмплиСенс Cov-Bat-FL» деген аталышка ээ болду. Ал адамдагы башка коронавирус үлгүлөрүнө туура реакция кылып, илдетти так аныктайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>