Site icon Reporter.kg

Эстониянын президенти Орусия элчилиги 50 жылдык мааракесине карата жөнөткөн белекти кабыл алган жок

Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд орус элчилиги белек катары жөнөткөн аннексияланган Крымда өндүрүлгөн бир бөтөлкө шарапты алуудан баш тартты. Бул тууралуу эстон басылмалары жазды.

Eesti Ekspress маалымдагандай, Эстониядагы Орусия элчилиги эстон президенти Керсти Кальюлайддын 50 жылдык мааракесине карата бир тутам гүл, шоколад жана вино жөнөткөн. Эстон президентинин канцеляриясы шарапты артка кайтарган.

Маалымат расмий түрдө тастыктала элек. Орусия элчилиги бул билдирүү боюнча комментарий берген жок.

Эстония Батыштагы башка өлкөлөр сыяктуу эле Крымдын аннексияланышын жактабайт. Кальюлайд бир нече жолу “Москва Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатат” деп сындаган. Бирок эстон президенти Орусия менен диалог жүргүзүү керек деп эсептейт.

Орусия Крымды 2014-жылдагы референдумдан кийин аннексиялап алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү бул эл аралык укукка каршы келет деп эсептешет. Аннексияга байланыштуу Москвага санкциялар киргизилген. Орусия болсо жарым аралды өзүнө каратууну “тарыхый адилеттүүлүк орнотуу” деп сыпаттайт.

Exit mobile version