Орусия Кыргыстанга эки тик учак жана абадан коргонуу техникасын берди — сүрөт

Орусия Кыргыстанга эки тик учак жана абадан коргонуу техникасын берди — сүрөт

Аскердик жана аскердик-техниккалык кызматташуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эки тараптуу алакасынын бирден-бир негизги багыттары болуп саналат.

Орусия Кыргызстанга жардам катары катары аскер техникаларын белек кылды. Бул тууралуу Куралдуу  Күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. 

Эки МИ-8МТ тик учагын жана П-18 радиолокациялык станциясын тапышруу аземи КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиа-техникалык аймагында өттү.

Иш-чара Башкы штабдын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев жана Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фоминдин катышкан.

Белгилей кетсек, Орусия  апрель айында МИ-8МТ жана БРДМ-2М техникаларын белек кылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>