Орусия кыргыз мигранттарына жардам иретинде 10 млн рубль бөлгөн

Орусия кыргыз мигранттарына жардам иретинде 10 млн рубль бөлгөн

Пандемиянын алгачкы толкунунда Орусиядагы кыргызстандыктар эң оор абалга кабылышкан. Жардам катары мигранттарга республикалык бюджеттен 10 млн рубль бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын Орусиядагы Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Майрамбек Бейшенов билдирди.

Бейшеновдун айтымында, каражаттар ТИМдин линиясы аркылуу бөлүнгөн. Акчалар Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан бөлүштүрүлгөн. 

«Каражаттар кыйын абалга кабылган мигранттарды колдоого багытталган. Азык-түлүк товарлары, коргонуучу каражаттар сатылып алынган жана ижарага акылары төлөнүп берилген. Ооругандар үчүн дарылоо акысы төлөнүп берилген», — деп айтты ал.

Андан сырткары, Бейшенов эскерткендей, миграция кызматы 20 миң доллар берген Эл аралык миграция уюму менен меморандум түзгөн. 

2021-жылга карата дагы жардамдар берилеби азырынча белгисиз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>