Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тест берди

Орусия Кыргызстанга 100 миң ПЧР-тест берди

Орусия Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу 100 миң ПЧР-тест берди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтен билдиришти.

Президент- Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш-сапарынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А.Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоочу 100 миң ПЧР-тест берген.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы Элчилигине тапшырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>