Бүгүн, 8-январда Ош шаарына Орусиядан азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясы – 202,5 тонна байытылган ун жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында көрсөтүлдү. Ун Кыргызстандын түштүк аймактарынын тургундарына берилет.
«Азык-түлүк түштүк аймактардагы 4600гө жакын аялуу үй-бүлөлөргө коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, кырсыктын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүүчү долбоорлорго катышкандыгы үчүн сыйлык катары азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу максатында таратылат», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Орусия БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанга эң ири донор болуп саналат.
Акыркы 10 жылдын ичинде Орусия Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстандын жарандарына өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудан жана калыбына келтирүүдөн баштап өнүгүүгө жана социалдык коргоого чейин ар кандай деңгээлде колдоо көрсөттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз