Орусия Кыргызстанга көчмө бейтапкана белекке берди

Орусия Кыргызстанга көчмө бейтапкана белекке берди

Орусия Кыргызстанга көчмө бейтапкана белекке берди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, бул жардам ВИЧ/СПИД жана башка ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча техникалык жардам берүү аймактык программасынын алкагында берилген.

Көчмө клиника КамАздын базасында түзүлүп, тоолуу аймактарда жүрө алат.

Мындан тышкары, 40 градустук ысыкты жана суукка туруштук берет. Бейтапканада лаборатория, гинеколог жана терапевт бөлүмдөрү бар.

Белгилей кетсек, Орусия былтыр да Кыргызстанга төрт клиника белекке берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>