Орусия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотту

Орусия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотту

Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк орногонго чейин Орусия каржылоону убактылуу токтотот. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Орусия акыркы ирет Кыргызстанга өткөн жылы каржы жардамын көрсөткөн.

Маалыматка ылайык, бул чечимди аталган өлкөнүн финансы министрлиги дагы ырасташкан.

«Кыргызстанда болуп жаткан азыркы абалды эске алуу менен каржылык жактан жардам көрсөтүүнү саясий стабилдүүлүк орногуча жана өкмөттүн иши калыбына келгиче токтотулду», — деп билдирген орусиялык чиновниктердин бири.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>