Site icon Reporter.kg

Орусия менен Түркиянын президенттери «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына катышты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин Стамбулда «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына катышты.

«Түрк агымы» — газды Украинаны кыйгап өтчү жолдор менен ташууга багытталган Москванын долбоору. Анын курулушу 2017-жылы майда башталып, 8 миллиард доллар жумшалды.

Бул куур аркылуу Орусиядан Түркиянын батышына жылына 31,5 миллиард куб метр газ ташылып турат. Анын жарымы Балкан жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө багытталат.

Газ түтүгүн ишке киргизүү салтанатына Сербиянын президенти менен Болгариянын премьер-министри да катышты.

Анын алдында Путин менен Эрдоган жабык форматта сүйлөшүү өткөрүштү.

Кремлдин басма сөз кызматы жолугушууда Ливия менен Сириядагы абал, ошондой эле Түркия менен Орусиянын ортосундагы экономикалык мамилелер талкууланарын билдирген. Эрдоган жолугушууда Идлибдеги абал жана тараптардын Сирия боюнча макулдашуусунун аткарылышы жөнүндө сөз болорун айткан. Мындан тышкары түрк президентинин басма сөз кызматы лидерлер АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал боюнча дагы пикир алыша турганын кабарлаган.

Exit mobile version