Site icon Reporter.kg

Орусия Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына киргизген тыюуну алды

Өзбекстан жана Тажикстандын 300 миң жараны үчүн Орусияга кирүүгө салынган тыюу алынды. Бул тууралуу Орусия Миграция федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди.

Маалыматка караганда, бул Орусиядан соттун чечими менен чыгарылган чет өлкөлүктөргө тиешелүү эмес. Алар үчүн салынган тыюу күчүндө калды.

Эгер өлкөдөн чыгаруу чечимин Орусия Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алган болсо, чет өлкөлүк жаран министрликтин сайтынан тыюу алынган-алынбаганын текшерсе болот.

2020-жылы декабрда Орусия ИИМи өлкөдө 6,3 миллион мигрант бар экенин билдирген. Пандемияга чейин алардын саны 9 миллиондон 11 миллион кишиге чейин жетип турган.

Exit mobile version